Немис полициясы Венада кол салуу уюштурган ашынган исламчы менен байланышы бар деп шек саналган төрт адамдын үйүн, кеңсесин жума күнү тинтти. Күч органдары азырынча аларга айып кое элек, алардын төрт кишини өлтүрүп, 20дан ашык адамды жаракат кылган Фейзулай Куртин менен байланышы иликтенип жатат.
Австриянын ички иштер министри Карл Нехаммер бейшембиде парламентте маалымат берип жатып, Куртин менен байланышы бар деген шек менен 15 киши камакка алынганын билдирди. Алардын арасында буга чейин экстремизм боюнча соттолгондор жана ал боюнча шек саналган жарандар да бар.
Кармалгандардын арасында Орусиянын, Түндүк Кавказдын жарандары бар экени белгилүү болду. «Кавказ.Реалии» басылмасы алар Австрияда туруктуу жашап келген чечен улутундагы адамдар экенин жазды.
Венадагы кандуу кол салуу 2-ноябрда болгон. Куралчан адам бир канча мүнөт бою жайкын тургундарды жана полицияны көздөй ок аткан. Өлкө бийлиги кан төгүлгөн окуяны теракт деп мүнөздөгөн.
Австриянын ИИМи Фейзулай Куртин бир эле убакта Австриянын да, Түндүк Македониянын дагы жараны экенин, өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган террорчул топко кошулуу тууралуу ниетинен улам соттолуп чыкканын билдирген.