5-6-ноябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан «2021-2026-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы» аттуу долбоор коомдук талкууга алынды.
Комиссия долбоор мамлекеттик түзүмдөрдүн, диний уюмдардын, академиялык жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ тарабынан иштелип чыкканын маалымдады.
Концепциянын максаты - мамлекеттин дүйнөбий негиздерин жана диний толеранттуулукту чыңдаш үчүн мамлекеттик-конфессиялык кызматташтыктын механизмдерин өркүндөтүү, диний жана коомдук институттардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттыруу.
Бул максатка жетиш үчүн бир нече милдеттер аныкталды. Алар: диний чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү жолу менен өлкөнүн укуктук, демократиялык жана дүйнөбий негиздерин бекемдөө, Кыргызстанда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырыш үчүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коом институттарынын ишмердиги үчүн бирдиктүү маалыматтык системаны түзүү менен мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субъектилеринин дараметин күчөтүү жана кызматташтыгын кеңейтүү.
Мындай талкуулар 3-4-ноябрда Баткен жана Жалал-Абад облустарында болуп өтүп, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында пландалып жатат. (BCh)