Оппозициядагы айрым партиялар үгүт өнөктүгү адилетсиз шартта өткөндүгүн айтышууда. Коронавирус пандемиясынан улам коомдук үгүт өнөктүгүнө тыюу салынган. Анткен менен бийликтеги Демократия үчүн улуттук лиганын өкүлдөрү чектөөлөрдү сактабай, эл менен жолугуп келишкенин оппозия билдирип жатат.
Азыркы өкмөт башчы Ауң Сан Су Чжи айым башында турган бийликтин партиясы мындай дооматтарды четке кагууда. Шайлоого катышуу үчүн 93 партия каттоодон өткөн.
Мьянма - Түштүк-Чыгыш Азиядагы коронавирустан катуу жабыркаган мамлекет. 53 миллион калкы бар бул өлкөдө 50 миңден көп адам COVID-19 илдетине кабылып, 1200 киши көз жумган.
Парламенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.