Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Садык Шер-Нияз. Сүрөт 2017-жылы Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда тартылган.
Садык Шер-Нияз. Сүрөт 2017-жылы Ала-Тоо аянтындагы митинг учурунда тартылган.

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Садык Шер-Нияз президенттик шайлоого катышарын жарыялады. Бүгүн, 9-ноябрда ал «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кайрылуу таратып, парламентаризм багытын жоготууга каршы экенин жана аны коргой турганын билдирди:

«Биздин шорубуз - президенттикте. Ошондуктан мурдагы президенттерибиз эл-жерине келе албай качып жүрүшөт. Керек болсо, партияларга парламентке өтүү босогосун бир пайызга түшүрүш керек».

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка жана элдик толкундоого айланып, бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо маалында өз тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров өзү да алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары катышарын 26-октябрда жарыялаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Абыкаар Сыдыков, Бектур Асанов, Сазыкбай Турдумалиев, Канатбек Исаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Нурлан Мотуев БШКга расмий арыз тапшырган. Шайлоого катышуу ниетин Конституциялык соттун мурдагы судьясы, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова да билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG