Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 14:30

Президенттикке талапкер болууга тогуз киши расмий арыз берди  


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодогу добуштарды саноо учуру.

Президенттикке талапкер болууга 5-ноябрда эки адам арыз тапшырды. Алар Абыкаар Сыдыков жана Сазыкбай Турдумалиев аттуу жарандар. Бул тууралуу Борбордун шайлоо комиссиясы маалымдады.

Эки жаран жөнүндө Интернетте дээрлик маалымат жок. Турдумалиев «Улутман» партиясынын атынан көрсөтүлдү. Ошентип, президенттикке талапкер болууга жалпысынан тогуз киши расмий кайрылды.

Буга чейин БШКга президенттикке талапкер болуш үчүн Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев жана Адахан Мадумаров расмий арыз тапшырган.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. 14-ноябрга чейин кызматын тапшыраарын Жапаров 3-ноябрда билдирген. Ал БШКга арыз бере элек.

Президенттик чукул шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Президенттикке талапкер болууну каалаган жарандар 15-ноябрга чейин БШКга арызын берип, 7-декабрга чейин бир миллион сом күрөө менен кошо тиешелүү документтерин толук тапшырып бүтүшү керек. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG