Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти АКШнын жаңы шайланган лидерин куттуктабай жатышынын себебин билдирди. Анын айтымында, Владимир Путин Кошмо Штаттардагы шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүүдө.
«Биз шайлоонун жыйынтыгынын расмий жарыяланышын күтүү туура болот деп эсептейбиз. Президент Путин америкалыктардын тандоосу кандай гана болбосун аны сыйлай турганын бир нече жолу айткан. Ошондой эле ал АКШнын кайсы гана президенти болбосун, иштешүүгө даяр», - деди Песков.
Путин 2016-жылы Трампты маалымат каражаттары анын утканын жарыялагандан бир нече саат өтпөй куттуктаган. Песковдун айтымында, бул ирет АКШда «азыркы президент жарыялаган юридикалык жараяндар өтөрү күтүлүп жатканына байланыштуу» Путин Байденди куттуктабай турууну чечкен.
Жо Байдендин жеңиши тууралуу бир катар маалымат каражаттары 7-ноябрда жарыялашкан. Буга Байден шайлоо коллегиясынын жетиштүү добушун топтоп, азыркы президент Дональд Трамптан алдыга озуп чыкканы түрткү болгон. Азырынча АКШда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыга элек. Айрым штаттарда добуштарды саноо улантылып жатат. Трамп өзү утулганын мойнуна албай, кээ бир штаттарда добуштардын кайра саналышын талап кылып, сотко кайрыларын билдирди.
Байкоочулар добуштар кайра саналса деле шайлоонун жыйынтыгына таасир этпей турганын айтышууда.