Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 23:36

АКШ башкы прокурору шайлоодогу мыйзам бузулган учурларды текшерүүнү тапшырды


Уильм Барр.

АКШнын башкы прокурору Уильм Барр президенттик шайлоодо добуш берүү жана саноодогу мыйзам бузуу боюнча текшерүүнү федералдык прокурорлорго тапшырды. Бирок ал прокурорлорду «ойдон чыгарылган жана көбүртүп-жабыртылган» билдирүүлөрдүн артынан түшпөөгө чакырды.

Башкы прокурордун соңку билдирүүсү боюнча жаңылыкты бир нече америкалык маалымат каражаттары жарыялады.

Президент Дональд Трамптын шайлоо штабы добуш берүү мыйзам бузуу жана бурмалоо менен өткөнүн билдирүүдө. Буга чейин Трамптын штабы Пенсилванияда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча федералдык сотко кайрылган. Анда бул штатта почта аркылуу добуш берүүдө ачыктык камсыз болгон эмес деген жүйө келтирилген. Бирок демократтардын штабы бул маалыматты четке кагууда.

Ошондой эле Дональд Трамптын штабы жана республикачылар алдын-ала жыйынтыкка ылайык, Демократиялык партиянын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байден азыраак айырма менен алдыга чыккан Жоржия, Мичиган, Висконсин, Невада штаттарындагы добуш берүү боюнча арыздарды жиберип жатышат.

Айрым штаттардагы соттор келип түшкөн арыздарды четке какты.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анын алдын-ала жыйынтыгы боюнча Жо Байден ар бир штатта калктын санына жараша түзүлгөн шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсүнүн 270ден ашык добушун алып, алдыга чыкканы белгилүү болгон.

Жо Байден жеңишке жеткенин жарыялап, америкалыктардын биримдигин камсыз кылуу боюнча иш алып барууга убада берген. Бирок Дональд Трамп шайлоодо утулганын расмий түрдө моюнга ала элек.

XS
SM
MD
LG