Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

УКМК: Жалал-Абадда пара талап кылган милиционер кармалды


Милиция кызматкери пара алуу боюнча шек саналууда. Жалал-Абад. Сүрөт УКМКга таандык.
Милиция кызматкери пара алуу боюнча шек саналууда. Жалал-Абад. Сүрөт УКМКга таандык.

Жалал-Абадда милиция кызматкери 30 000 сом пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 11-ноябрда кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери УКМКнын жана милициянын биргелешкен ыкчам издөө иштеринин алкагында кармалды.

Ал жергиликтүү тургундан жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн 1000 доллар талап кылган деп шек саналууда.

Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси («Пара талап кылуу») боюнча катталып, кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын 29-октябрда өкмөттүн жыйынында айткан.

Быйыл сентябрда өлкөдө антикоррупциялык жаңы стратегия кабыл алынган. Коомчулукта жемкорлукка каршы күрөш тегиз ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер бар. (RK)

XS
SM
MD
LG