Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

Кой-Таш окуясы боюнча сотко Алмазбек Атамбаев кайрадан катыша баштады


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залында. 2020-жылдын 11-ноябры.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сот залында. 2020-жылдын 11-ноябры.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот процесси уланууда. Бүгүн, 11-ноябрдагы отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да катышууда.

1-июндагы отурумда Атамбаев сот залындагы тосмого кирүүдөн баш тарткандыктан судья аны сотко катыштырбай койгон. Адвокаттар бул чечимди айыптап, аны тосмого отургузууга негиз жок экенин айтышкан.

30-сентябрда жактоочулар Атамбаевди сот отурумуна катыштыруу тууралуу өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырган. Ошентип, мурдагы президент дээрлик беш айдан кийин сотко кайрадан катыша баштады.

Бүгүнкү отурумда күбөлөр суралууда. Жалпысынан 250дөй күбө бар, алардын 11 суралып бүттү.

Соттолуучуларга сөз күбөлөрдөн кийин берилет.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында өткөн. Анда бир адам каза болуп, 175 адам жараат алган.

Бул иш боюнча баш-аягы 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кине коюлган.

Ал эми тергөө менен кызматташканы үчүн калган беш кишинин иши өзүнчө каралары айтылган. Алар алгач кармалып, кийин коё берилген, айрымдары тергөө менен кызматташуудан баш тарта башташты.

Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. (RK)

XS
SM
MD
LG