Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Клара Сооронкулова президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди


Клара Сооронкулова, "Реформа" партиясынын лидери.
Клара Сооронкулова, "Реформа" партиясынын лидери.

«Реформа» партиясынын лидери, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова президенттикке талапкер болуу тууралуу арыз менен 11-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) өзүнүн атынан кайрылды.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып ал биринчи кезекте эне катары балдардын, жаш муундун келечеги үчүн, аларга татыктуу жашоо камсыз кылуу ниети менен шайлоого катышуу тууралуу чечимди жеке өзү кабыл алганын, бул чечимди өзү жетектеген «Реформа» партиясы кубаттаганын айтты. Ошону менен катар мамлекетти башкарууга тажрыйбасы да, билими да бар экенин белгилеп, шайлоого аттанууга түрткү болгон негизги себептердин бири парламенттик башкаруу системасын бекемдөө максаты экенин белгиледи:

«Конституцияны өзгөртүү, парламентаризмди жоюу, президенттик башкарууну алып келүү деген демилгелер мени кооптондуруп жатат. Мен парламенттик башкарууну колдойм. Конституциялык реформанын алкагында президенттик институт жоюлуп, биз толук парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Эгер мен шайланып кала турган болсом, кыялымда, Кыргызстандын акыркы президенти болуп калсам дейм».

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров өзү да алдыдагы президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок, БШКга арыз бере элек.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байкуттиев БШКга расмий арыз тапшырышкан. Шайлоого катышарын саясатчы Садык Шер-Нияз да билдирген.

Талапкер болууну каалагандардан арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (RK)

XS
SM
MD
LG