Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

«Түндүк электрдин» кызматкерлери мурдагы жетекчини кайтарууну талап кылышууда


Энергетиктердин Өкмөт Үйүнүн алдындагы нааразылык акциясы. 30-октябрь, 2020-жыл.
Энергетиктердин Өкмөт Үйүнүн алдындагы нааразылык акциясы. 30-октябрь, 2020-жыл.

Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында бүгүн, 11-ноябрда «Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлери кайрадан акция өткөрүп жатышат. Алар компаниянын мурдагы жетекчиси Доскул Бекмурзаевди ордуна алып келүүнү талап кылышууда. Жамаат өкүлдөрү жаңы жетекчи менен иштей албай турганын билдиришүүдө.

Акциянын катышуучулары буга чейин «маселе каралат» деп убада берилгени менен ал аткарылбай жатканын айтышты.

«Түндүкэлектр» ишканасынын кызматкерлеринин жоон тобу 30-октябрда да иш таштап, Өкмөт Үйүнүн алдында каршылык акциясына чыккан. Алар ишкананын жетекчисин алмаштырууда мыйзам бузулганын, саясий оюн болуп жатканын айтып, Бекмурзаевди кайтарууну талап кылышкан.

Акциянын катышуучулары менен жолугушууга чыккан өкмөттүн өкүлү Марат Чолпонкулов энергетиктерди жумуш орундарына кайтып барууга чакырган. Маселени атайын комиссия түзүп териштирүүнү, утурумдук жетекчиликке өздөрүнүн ичинен убактылуу бирөөнү дайындап турууну сунуш кылган. Маселени дүйшөмбүдө чечиле турганын айткан.

27-октябрда «Түндүкэлектр» ишканасынын башкы директору Доскул Бекмурзаевдин ордуна Улан Астаркулов дайындалган. Нааразы болгондор «жетекчи «өз арызы менен кетти» деген жалган шылтоого таянып, өкмөт саясий чечим кабыл алды» деп сынга алышкан.

«Түндүкэлектр» ишканасынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 27-октябрь күнү компаниянын директорлор кеңешинин чечими менен Бекмурзаев бошотулуп, анын ордуна Астаркулов дайындалды. Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жана «Улуттук энергохолдинг» менен макулдашылганы кабарланды.

Нааразы тарап буга чейин «Улуттук энергохолдингге», Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна кайрылышканын, бирок жооп болбогонун билдирип келет.

Астаркулов бул компанияда 2017-жылы коммерциялык директор болуп иштеп кеткен. (NT)

XS
SM
MD
LG