Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 01:32

ИИМ: Кыргыз жарандарын чет жакка мыйзамсыз жөнөтүп жүргөндөр аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктарды чет жакка мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүү боюнча канал аныкталды. Бул тууралуу 11-ноябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматка таянып маалымдагандай, жумушка орноштуруу менен алектенүүчү жеке агенттиктердин биринин кызматкерлери кыргыз жарандарын Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз жолдор аркылуу жөнөтүп жүргөн деген шек бар. Милиция ал агенттик чет жакка жумушка орноштурууга уруксат берүүчү документи жок иштеп жүргөн деп эсептейт.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Мыйзамсыз миграция уюштуруу» деген беренесинин негизинде каттого алынып, агенттиктин жетекчисине шектүү экени тууралуу кагаз тапшырылды.

Кыргызстанда жумушсуздук - социалдык-экономикалык негизги көйгөйлөрдүн бири. 6,5 миллион калктын 2,5 миллионго жакыны эмгекке жарамдуу, алардын арасынан 200 миңге жакыны жумушсуз.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам аткезчилиги жана эмгекке мажбурлоо боюнча абал тууралуу баяндамасында 2017-жылы курмандыктардын саны 100 миңден ашканы айтылган. Бул баяндамада 187 мамлекеттин арасынан Кыргызстан минималдуу стандарттар толук камсыздала элек, бирок адам аткезчилигин жана эмгекке мажбурлоону токтотуш үчүн олуттуу аракеттер көрүлүп жаткан 117 өлкө менен бирге экинчи топко кошулган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG