Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

Иран: укук коргоочу Насрин Сотуде «түрмөдө коронавирус жугузуп алганы» белгилүү болду


Насрин Сотуде.
Насрин Сотуде.

Иранда өткөн аптада түрмөдөн ооруканага которулган укук коргоочу Насрин Сотуде коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу анын күйөөсү Реза Хандан «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Сотуде Тегерандагы «Гарчак» аялдар түрмөсүндө вирусту жугузуп алышы мүмкүн. Хандандын жазганы боюнча, бул түрмөдө кармоо шарттары «катастрофалык абалда» болчу.

Насрин Сотуде 8-ноябрда абактан убактылуу бошотулган. Ага чейин бир нече укук коргоо уюмдары жети аптадан ашык ачкачылык кармаган соң Сотуденин ден соолугу абдан начарлап кеткенин билдирип, дарылоону талап кылышкан.

57 жаштагы адвокат Насрин Сотуде саясий негизде камалгандарды, анын ичинде хижаб кийүүгө каршы чыккандарды коргогону үчүн 2018-жылдын июнунда камакка алынган.

Ага карата тыңчылык, мамлекетке каршы үгүт, Ирандын жогорку лидеринин ар-намысына шек келтирүү деген айыптар коюлган болчу. Натыйжада сот Сотудеге 38 жыл, алты ай абак жана 148 балак уруу жазасын чегерген.

Укук коргоочу өлкөдөгү сөз эркиндиги, адам укуктары үчүн күрөшүп, ага чейин да бийликтин куугунтугуна кабылып келген. 2012-жылы Сотуде Европарламенттин Сахаров сыйлыгын алган.

XS
SM
MD
LG