Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Аскар Сыдыков: Инвесторлордун ишканаларына кол салгандар жазаланбаса мындай көрүнүш уланат


Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

Чет элдик инвесторлордун каражатына иштеп жаткан компанияларга кол салуу фактылары терең иликтенип, айыптуулар жазага тартылмайынча мындай кооптуу көрүнүш улана бериши ыктымал. Бул тууралуу 11-ноябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда Эл аралык ишкер кеңештин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ал инвестициялык капитал өлкөдөн чыгып кетип жатканын тастыктады:

«Эгерде жылдын биринчи жарымында пандемиядан улам чыгарылса, азыр ага саясий кризис кошулду. Саясий кризис учурунда жеке менчикти басып алуу аракеттери, опузалоо, тартып алуу болду. Ошону жасагандар жоопко тартылдыбы? Белгисиз. Жоопко тартылбаса, анда элдин баары «биз ошондой жасай алат экенбиз, эч нерсе болбойт экен» деп калышы мүмкүн. Алар жүз миллиондогон долларлык ири объектилер, артында чоң өлкөлөр, чоң инвесторлор турат. Мындай мамиле башка тармактарга да залакасын тийгизип жатканын көрүүдөбүз. Канча жүгүбүз өтө албай жатат. Бажы мекемеси Кытай тарап алардын инвесторлорунун коопсуздугун камсыз кылыш керек деген бирден-бир талабын айтканын билдирди».

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандан быйыл 400 миллион долларга жакын инвестициялык капитал чыгарылып кетти, былтыр бул көрсөткүч 180 миллион доллардын тегерегинде болчу.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык Кыргызстанда саясий кризисти пайда кылган. Анын айынан борбор шаар Бишкекте башаламандык чыгып, мындай көрүнүш жер-жерлерде да байкалган. Чет элдик, айрыкча кытайлык инвесторлор иштеткен айрым компанияларга кол салуу болгон.

16-октябрда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда кыргыз өкмөтүнөн кытайлык компаниялардын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга көмөк сурап, тынчсыздануусун билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG