Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Башкы прокурордун орун басарлары толугу менен алмашты


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Нурлан Дарданов башкы прокурордун биринчи орун басарлыгынан, Нурлан Дүйшембиев башкы прокурордун орун басарлыгынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 11-ноябрда кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Садыр Жапаров ушул эле күнү башка буйруктары менен Нуркамал Набиевди башкы прокурордун биринчи орун басары, Турусбек Ишеналиев менен Абай Молдокматовду башкы прокурордун орун басарлары кылып дайындады.

Сагындык Мукашов башкы прокурордун орун басары - Аскер прокурору болуп бекитилди.

Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү, экс-депутат Курманкул Зулушев 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 84 депутаты колдогон.

Башкы көзөмөл органынын мурдагы жетекчиси Өткүрбек Жамшитов Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин кызматтан кеткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG