Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Тажикстанда электр энергиясын уурдоо схемасы аныкталды


«Барки точик» энергохолдингинин имараты.
«Барки точик» энергохолдингинин имараты.

Тажикстанда «Дүйшөмбү электр түйүндөрү» ишканасынын кызматкерлери 68 миллион сомониге (алты миллион доллардан ашык) бааланган 150 миллион кВт/саат электр энергиясын уурдаган деп шек саналууда. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишкананын жогорку кызматтагы өкүлдөрү кардарлардын дүмүрчөктөрүнө пайдаланылбаган 100 миңдеген кВт/саат электр энергиясын жазып, кийин аларды кардарларга «белекке берилди» деп эсептен чыгарып, башка колдонуучуларга арзан баада сатып келишкен.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы энергетика тармагындагы уурдоо фактыларын аныкташ үчүн атайын тергөө тобу түзүлгөнүн билдирди. Ал өлкөнүн бардык аймактарындагы электр энергиясындагы жоготууларды жана уурдоо фактыларын текшерет.

Бүгүнкү күндө карамагына «Дүйшөмбү электр түйүндөрү» ишканасы кирген «Барки точик» энергохолдингинин жалпы карызы 2,5 миллиард долларды түзөт.

Мартта Дүйнөлүк банк «Барки точик» компаниясынын каржылык абалын жакшыртыш үчүн 134 миллион доллар грант бөлгөн. Каржы уюмунун 90 барактан турган баяндамасында электр энергиясынын тарифтери жогорулабаса, «Барки точик» каржылык жактан туруктуу болбой турганы белгиленип, 2025-жылга карата тарифтер холдингдин бардык чыгымдарын жапкыдай болушу керек экендиги жазылган.

XS
SM
MD
LG