Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Садыр Жапаров журналисттерге басма сөз жыйынын өткөрөт


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Жыйын 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо аяктап бараткан учурда өткөнү жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-ноябрда кечинде документтерди кабыл алууну токтотот.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн.

Митинг башаламандыкка айланып, кийин бийликтин алмашуусуна алып келди. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Жапаров аткарып жатат.

Ал келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого катышарын, президенттин милдетин аткаруучу кызматын 14-ноябрда өткөрүп берерин айткан.

11-ноябрга карата Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) кайрылгандардын саны 16 киши болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG