Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

Жапаров 11 талапкерди судьялык кызматка дайындаган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго судьялык кызматка көрсөтүлгөн 22 талапкердин ичинен 11и боюнча материалдарды артка кайтарды.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров алар бул кызматты ээлөөгө жетишээрлик сапаттарды көрсөтө албаганы үчүн дайындоого макулдук берген жок.

Судьяларды тандоо боюнча кеңеш Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун кээ бир райондук сотторунун, ошондой эле Чүй, Нарын, Ош облустарынын бош судьялык кызмат орундарына дайындаш үчүн 22 адамдын талапкерлигин көрсөткөн.

Президенттин милдетин аткаруучу алардын жарымын кызматка дайындоодон баш тартты. Бул сот тутумундагы таза эмес судьялардан арылуу катары мүнөздөлдү.

Жыйынтыгында Жапаров Чүй облусунун төрт районуна жети, Нарын облусуна бир, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна эки, Ош шаардык сотуна бир судьяны дайындоо тууралуу жарлыктарга 11-ноябрда кол койду. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)

XS
SM
MD
LG