Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

«Кыргызалтын» ишканасынын төрагасы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Алмаз Алимбеков.
Алмаз Алимбеков.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирди.

Маалыматта «Кыргызалтындын» эмгек жамааты анын чечимин өкүнүү менен кабыл алганы, Алимбеков ишинде эң жакшы натыйжа көрсөткөн жетекчилердин бири болгону айтылат.

«Кыргызалтындын» жетекчисин директорлор кеңеши сунуш кылып, өкмөт башчы дайындайт. Өкмөт азырынча Алмаз Алимбековдун отставкасын кабыл алдыбы-жокпу, белгисиз. Өкмөттүн басма сөз кызматы Алимбековдун ордуна ким дайындалганы жана анын иштен кетиши тууралуу маалымат бере элек.

Алимбеков «Кыргызалтын» ачык акционердик коомун 2015-жылдын апрель айынан берип башкарып келген.

11-ноябрда бир катар жарандар Бишкекте митингге чыгышып, Алмаз Алимбековду иштен алууну талап кылып, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Нааразы болгондор талаптарын «Кыргызалтын» ишканасында бир катар мыйзамдар бузулуп келе жатканы, буга жетекчиликтин тиешеси бар экени өңдүү себептер менен негиздешкен.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коому нааразы тараптын билдирүүлөрүн куру доомат катары баалап, нааразылык билдирип чыккандардын бир тобу акциядан кийин «бул циркке» мындан ары катышууну каалабай турганын айтканын жарыялаган. (NT)

XS
SM
MD
LG