Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Байден администрациясынын башчылыгына Рон Клейнди дайындай турганын жарыялады


Рон Клейн жана Жо Байден.
Рон Клейн жана Жо Байден.

АКШнын шайланган президенти Жо Байден өз администрациясынын башчылыгына Рон Клейнди дайындай турганын билдирди. Бул тууралуу Байден «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Рон Клейндин ар тараптуу тажрыйбасы жана ар кыл саясий топтор менен иштешүү жөндөмү - учурдагы кризиске бетме-бет туруп, өлкөнү кайрадан бириктирүү маалында Ак Үйдүн администрация башчысына керектүү сапаттар», деп жазды Жо Байден.

59 жаштагы Рон Клейн 2014-жылы Батыш Африкада жайылган Эбола эпидемиясы менен күрөшүү боюнча координатор, 2009-жылы глобалдык финансы кризиси маалында мурдагы президент Барак Обаманын администрациясынын курамында АКШнын экономикасын калыбына келтирүү боюнча планды иштеп чыккандардын бири болгон.

Жо Байден вице-президент болуп турган кезде анын администрациясын жетектеп, шайлоо учурунда анын шайлоо өнөктүгүнө жардам берген.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өткөн. Анын баштапкы жыйынтыгы боюнча Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден алдыга чыгып, америкалык маалымат каражаттары шайланган президент катары жарыялады. Бирок анын башкы атаандашы, учурдагы президент Дональд Трамп шайлоодо утулганын расмий түрдө моюнга ала элек.

XS
SM
MD
LG