Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:43

Матраимовдордун доосу боюнча сот 11-декабрга калды


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 12-ноябрда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, мурдагы кабарчы Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча соттук иш 11-декабрга жылды.

Соттун мындай чечимине Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун өкүлүнүн жараянга келбей калганы себеп болду.

Сот бүгүн «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы, иликтөөчү журналист Али Токтакуновдун кийинки жараянга катышуусу боюнча чакыруу берди.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр 9-декабрда бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд сотко кайрылган.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 20-октябрда кармалган.

Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

УКМКнын басма сөз кызматы ошол күнү тараткан кабарда Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин кесепетинен мамлекет эки миллиард сом зыян тартканы аныкталганы жана ал аны төлөп бере турганы белгиленген. (NT)

XS
SM
MD
LG