Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:31

Садыр Жапаров абактагы эки миңдей киши ырайым сураганын билдирди


Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.
Кыргызстандагы түрмөлөрдүн бири.

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрдагы басма сөз жыйынында түрмөлөрдө күнөөсүз отурган адам көп экенин белгилеп, ырайым берүүдө соттолуучунун таржымалы жакшылап караларын билдирди:

«Мисалы, беш миң адам түрмөдө отурса ошонун эки миңдейинин ичинде адилетсиз отурганы бар. Алар жалаң карапайым калктын балдары. Ырайым берүү боюнча эки миңдей адам жазган экен. Азыр Ырайым берүү комиссиясы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы карап жатат. Мен дароо эле айтып койсом, булардын арасында киши өлтүргөн, оор кылмыш кылган, дайыма кылмыш кылган жана кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрү жок».

Жапаров айрым кишилердин бейкүнөө түрмөгө түшүшүнө милиция кызматкерлеринин «план толтуруу» сыяктуу көрүнүштөрү себеп болуп жатат деп эсептейт.

2019-жылы Садыр Жапаров абакта жатып ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурап кайрылган. Бирок анын кайрылуусунун жыйынтыгы белгисиз бойдон калган.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын түрмөлөрүндө бүгүнкү күндө 9 500дөн ашык адам кармалууда, алардын 300гө жакыны аял. Улгайгандардын саны 250нүн тегерегинде. (TSh)

XS
SM
MD
LG