Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Мурдагы министр Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө


Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу. Ош шаары. 2020-жылдын 13-ноябры.
Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу. Ош шаары. 2020-жылдын 13-ноябры.

Ош шаарында бүгүн, 13-ноябрда мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Иш-чара ал өзү бир топ жыл бою жетектеген Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун алдында өтүүдө.

Исаков менен коштошууга баргандардын саны 500 кишиге чукулдады. Алардын арасынан Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиевди, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовду, шаардык кеңештин депутаттарын көрүүгө болот.

Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу. Ош шаары. 2020-жылдын 13-ноябры.
Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу. Ош шаары. 2020-жылдын 13-ноябры.

Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган.

Эмгек тажрыйбасын Бел-Өрүк колхозунда жумушчу болуудан баштап, министрликке чейин жеткен.

1993-1997-жылдарда Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинде мугалим болуп иштеп, 1995-жылы «Нур» гезитинин башкы редактору болгон.

1997-1998-жылдарда ОшМУнун Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары, 1998-жылы ректордун тарбия иштери боюнча жардамчысы, 2000-2005-жылдары коомдук тарбия иштер боюнча проректор, 2005-2006-жылдарда мамлекеттик тил боюнча проректор болуп иштеген.

2006-2011-жылдарда Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору болсо, 2011-2019-жылы ОшМУнун ректору кызматын аркалаган. Ал ОшМУнун заманбап өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуу аркылуу билим-илим чөйрөсүнө реформатор ректор катары таанылды.

2019-жылдын 11-сентябрынан 2020-жылдын 14-октябрына чейин Билим берүү жана илим министрлигин жетектеген.

Каныбек Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Филология илимдеринин доктору, профессор болгон. Көптөгөн монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору.

Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу. Ош шаары. 2020-жылдын 13-ноябры.
Каныбек Исаковду акыркы сапарга узатуу. Ош шаары. 2020-жылдын 13-ноябры.

Исаков 12-ноябрда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болду. Маалыматтарга караганда, 51 жаштагы мурдагы министр коронавирус жугузуп алгандан кийин пневмония диагнозу менен ооруканада жаткан.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Ноокатта жерге берилет.

«Азаттыктын» жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат. (DU)

XS
SM
MD
LG