Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Садыр Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы, ЖККУнун баш катчысы менен сүйлөштү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Декабрь айында Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу 12-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө уюмдун баш катчысы Станислав Зась билдирди.

Ал кезектеги сессияга карата даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, уюмдун жакынкы мезгилге артыкчылыктуу багыттары жөнүндө кабарлады.

Жапаров Кыргызстан ЖККУнун алкагындагы ар тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө артыкчылыктуу маани берерин жана уюмдун аймактагы коопсуздуктун иштиктүү механизми катары дараметин бекемдөөгө умтуларын айтты. Ошону менен катар ал пандемияга байланыштуу социалдык-экономикалык оор абалга карабастан Кыргызстан бул уюмдун бюджетине төгө турган мүчөлүк төлөмү боюнча бардык милдеттенмелерин толук аткара турганын белгиледи.

12-ноябрда Садыр Жапаров Орусия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен да телефон аркылуу сүйлөшүп, «кыргыз тарап буга чейин аныкталган тышкы саясат багытын эч качан өзгөртпөйт. Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди мындан ары дагы чыңдоого жана бекемдөөгө өзгөчө маани берет» деп билдирди.

Ушул эле күнү кыргыз-орус кызматташтыгын Жапаров телефон аркылуу орус президенти Владимир Путин менен да талкуулаган.

ЖККУнун мүчөлөрү - Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Кыргызстан Орусия менен бирге бир катар эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG