Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:26

Орусиянын Кыргызстанга каржылык жардамын жандантуу маселеси сүйлөшүлөт


Кыргызстан менен Орусиянын туулары.
Кыргызстан менен Орусиянын туулары.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 23-октябрь күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, Москванын Бишкекке каржылык жардамын жандантуу маселесин сүйлөшөт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, кыргызстандык мигранттардын Орусияга барышы жана туруктуу аба каттамдарын көбөйтүү маселелери да талкууланат.

Министр Казакбаев эки күндүк иш сапары менен Москвага 22-октябрда барган. Ал Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Зась менен жолугушуп, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды, уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулады.

Мындан тышкары ал Федерация Кеңешинин Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Константин Косачев жана Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равил Гайнутдин менен жолугушту.

Руслан Казакбаев тышкы иштер министри болуп 15-октябрда дайындалган. Ал 4-октябрдагы шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандардын акциясынан кийин дайындалган өкмөттүн мүчөсү.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон тараптын акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, бийлик алмашуу менен аяктады.

Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.
2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG