Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:30

Садыр Жапаров өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү


Садыр Жапаров.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү анда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери талкууланганын кабарлады.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөштө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Өзбекстандын башчысына ыраазычылыгын билдирди. Кыргыз тарап Өзбекстан менен алаканы мындан ары да бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө даяр экенин айтты.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган Садыр Жапаров аткарып жатат.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG