Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Мамкатчы Помпео жети өлкөнү кыдырат


АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Копенгаген ш., Дания. 22.7.2020.
АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео. Копенгаген ш., Дания. 22.7.2020.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Европа менен Жакынкы Чыгыштагы жети өлкөнү кыдыруу үчүн сапарга чыкты.

Ноябрдын 13үнөн 23үнө чейин созулчу бул сапар маалында Помпео оболу Франциянын, андан соң Грузия, Израил, Катар, Сауд Арабстан жана Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилери менен жолугат. Айтмакчы, Помпео Парижден ары келип токтой турган жана грек ортодокс чиркөөсүнүн жетекчиси менен жолугуша турган Стамбул шаарында анын Түркиянын расмий жетекчилиги менен жолугушуусу белгиленбегендиги да кабардалууда.

Бул иш сапар АКШнын учурдагы президенти Доналд Трамп жана аны колдогон республикачылар тобу 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо Трамптын демократ атаандашы Жо Байденге жеңилгендигин мойнуна албай жаткан маалга туш келүүдө.

Помпео 10-ноябрдагы маалымат жыйыны маалында: "Трамптын экинчи башкаруу мөөнөтүнө өтүү - ийкемдүүлүк менен жүргүзүлөкчү", - деп билдирүү жасаган соң, олуттуу сынга кабыл алынды.

АКШнын башкы дипломатынын бул билдирүүсүнө карабастан, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, - анын ичинде Помпео өзү кыдыра турган 7 өлкөнүн башчылары дагы, - Жо Байденди президент болуп шайлангандыгы менен куттуктоого үлгүрүштү.

Ал эми "Фокс Ньюс" каналына курган маегинде Помпео азыркы таптагы Байденге карата куттуктоолор тек гана "саламатсызбы"деп сылык учурашкандай мааниге ээ деп эсептээрин айтып келип: "Бирок бир нерседен жаңылууга болбойт: бир учурда биз бир гана президентке, бир гана мамлекеттик катчыга жана бир гана улуттук коопсуздук тобуна ээбиз", - деп баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG