15-ноябрда Кытай баштаган 14 өлкө Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн биримдигинин (AСEAН) жыйынында жаңы экономикалык макулдашууга кол койду.
Эл аралык уюмдун быйылкы жыйыны Вьетнамдын Ханой шаарында уюштурулуп, бирок делегациялар видео-конференция аркылуу жыйынга катышты. Макулдашууга кол коюу дагы виртуалдык режимде өттү.
Аймактык кеңири экономикалык өнөктөшүк деп аталган макулдашуу ага кошулган 15 мамлекеттин ортосунда соода-сатыкта тарифтерди төмөн кармоону көздөйт. Ошондой эле компаниялар макулдашууга кирген мамлекеттердин аймагында ар бир өлкөнүн уруксатын күтүп отурбастан эле товар экспорттой берет.
Макулдашууга интеллектуалдык менчик да киргизилген, бирок айлана-чөйрөнү коргоо жана жумушчулардын укуктарын коргоо камтылган эмес.
Документке кол койгон 15 өлкө пандемиянын оор экономикалык залакасын азайтууну максат кылат. Ошол эле учурда бул Кытайдын аймакта өз таасирин арттыруусуна өбөлгө болот деп баалагандар бар.
Макулдашууга АКШ кошулган жок . Жаңы документ президент Дональд Трамп кызматка киришкенден кийин баш тарткан Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминин Бээжин демилге көтөргөн варианты катары каралууда.
Былтыр Индия бул келишимден кытайлык арзан товар каптап кетет деген кооптонуудан улам чыгып кеткен.
АКШ жана Индия кошулбаганда да жаңы макулдашууга кирген өлкөлөрдүн аймагында 2.2 миллиард киши жана дүйнөлүк дүң өнүмдүн 30% жайгашкан.
Макулдашууга AСЕАН бирикмесине кирген Вьетнам, Таиланд, Филиппин, Лаос, Камбожа, Мьянма, Малайзия, Сингапур, Индонезия, Бруней кол койду. Башка беш өлкө - Австралия, Кытай, Жапония, Жаңы Зеландия жана Түштүк Корея да жаңы макулдашууга кошулду.