Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Таласта насыя карызын төлөй албай жаткандар прокуратураны айыптоодо


Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта насыя карызын төлөй албай, мүлкүнөн ажыратылып жаткандар прокуратураны айыптоодо. Бул тууралуу «Азаттыкка» өзүн облустагы насыячылардын укугун коргоо боюнча комитеттин төрагасы деп тааныштырган Элдар Алаков билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы алгач 50дөй кишиден түзүлгөн комитетке кайрылгандардын саны азыр 290 адамга чамалады. Алардын банктарга жана чакан насыя компанияларына карызы 700 миң сомдон 5 миллион сомго чейин жетет.

Алаков карызга баткандардын көбү банктарга алданып калганын, себеби банк кызматкерлери жакшы мүлкү бар, бирок акчадан кыйналып тургандарды өзүлөрү кыдырып, кызыктыруучу шарттарды айтып, насыя жазып бергенин, бул иштерди териштирүү жана айыптууларга иш козгоо үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финансы полициясы) жөнөтүлгөн кайрылуудан майнап чыкпаганын билдирди жана облустук прокурор Гүлмира Кашкарованы айыптады:

«Анын түздөн-түз тиешеси бар. Биз бир жыл мурун Финполдун облустук башкармалыгына кайрылдык. Ал жакта иштерди жаба баштап, «прокуратурага баргыла» дешти. Облустук прокурорго барып айттык. Ал каттоого албай жатат. Себеби анын кол астында иштеген кызматкери – улук прокурор Ринат Абдылдаев «кылмыш эмес» деген жоопторду жөнөттү. Ушунчалык адамды сызга отургузуп жатса, эмнеге кылмыш эмес?»

Насыячылар Финполдун Талас облусу боюнча тергөөчүсү Азамат Эгемберди уулун да айыптап жатышат. Мекеменин басма сөз кызматы бул дооматка азырынча комментарий бере элек.

Башкы прокуратура Алаковдун арызына жооп берилгенин билдирүүдө. Мекеменин маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Эрмек Асанов «Азаттыкка» билдиргендей, Алаков Талас облустук прокуратурасынын сотко чейинки териштирүү боюнча чечимине нааразылыгын айтып, күнөөлүү кызмат адамдарына чара көрүүнү суранган жана бул кайрылууну Башкы прокуратура жеринен териштириш үчүн облустук прокуратурага жөнөткөн.

«Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен аталган кайрылуудагы сотко чейинки териштирүү иши тууралуу Талас облусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсүнүн ишти кыскартуу тууралуу чечим негиздүү деп табылган жана бул жөнүндө кайрылуу ээсине өз учурунда тийиштүү жооп берилген. Мындан тышкары, «прокуратура кызматкерлери жана тергөөчүлөр кайрылууну жок кылышкан» деген жагдайлар чындыкка дал келбей тургандыгы жана кабыл алынган чечимге карата даттануу укугу Элдар Алаковго бир канча ирет түшүндүрүлгөн. Кайрылуудагы жана жогорудагы жагдайлар туурасында Алаков Талас облустук прокуратура жетекчилигинин жеке кабыл алуусунда бир нече жолу болуп чыккан», - деди Эрмек Асанов.

Кыргызстанда банктардан насыя алып, бирок кайтарып бере албай калган жарандарын маселеси олуттуу социалдык мүшкүлдөрдүн бирине айланган. Буга чейин алардын өкүлдөрү бир нече жолу акция өткөрүшкөн.

Адистер насыя алууда ар бир адам финансылык мүмкүнчүлүгүн жана бардык тобокелчиликти эске алышы керек экенин, насыя алып той өткөрүү же буюм сатып алуу деген көрүнүштөрдү токтотушу зарыл экенин айтып жүрүшөт.

Өлкөдө 22 коммерциялык банк бар, чакан насыя уюмдарынын саны 140тын тегерегинде.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 2019-жылы 600 миңден ашуун кыргызстандык жалпысынан 30 млн. сомдон ашуун (355 миң доллар) суммага насыя алган. Бул акчанын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасына жана жеке муктаждыктарга берилген.

Быйыл март айына карата кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга насыя карызынын жалпы суммасы 152 миллиард 861 миллион сом экенин башкы банк маалымдаган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG