Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

«Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчисинин тарапкерлери акция өткөрүүдө


Акцияга чыккандар. Кара-Дарыя айылы. 2020-жылдын 16-ноябры.
Акцияга чыккандар. Кара-Дарыя айылы. 2020-жылдын 16-ноябры.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда бүгүн, 16-ноябрда 200дөй адам чогулган акция өтүүдө. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар Кара-Дарыя айылынын тургундары экенин айтып, «Кыргызмунайгаз» ишканасынын жетекчиси Рашит Бостонов иштен алынышы ыктымал деген сөздөр тарап жатканын билдирип жатышат.

Акцияга чыккан жергиликтүү тургундар жана ишкананын кызматкерлери Бостонов жакшы иштеп жатканын айтып, ага карата каралоо аракети болгонун белгилешти.

Рашит Бостонов «Кыргызмунайгаз» ишканасына жетекчи болуп 2018-жылы дайындалган.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Бостоновго байланыштуу эч кандай буйрук чыкпаганын "Азаттыкка" билдирди.

Жергиликтүү бийлик акцияга чыккандардын талабы тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

«Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому Кочкор-Ата, Майлуу-Суу жана Ноокен аймактарында чалгындалган 11,3 млн. тонна мунай жана 4,7 млрд. куб метр газ запасына ээ. Жалпысынан анын карамагында Жалал-Абад облусундагы 35 майда мунай жана газ кени бар.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашкан. Ошондон бери көптөгөн мекеме-ишканаларда да жетекчи кадрлар алмашууда. Президенттин милдетин убактылуу аткарган Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтардагы дайындоолор өлкөдөгү саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлүп жатканын жана 2-3 айдан кийин ал орундардын баарына сынак аркылуу тандоо уюштуруларын 29-октябрда өкмөттүк жыйында билдирген. (TB)

XS
SM
MD
LG