Беларуста Александр Лукашенконун бийликтен кетишин жана жаңы президенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылган жекшемби күнкү нааразылык акцияларында 1100дөн ашуун киши кармалды.
«Весна» укук коргоо уюму кармоолор көбүнчө Минскиде болгонун, коопсуздук күчтөрү миңдеген демонстранттарды таркатыш үчүн көздөн жаш агызуу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонгонун билдирди.
Социалдык тармактарда тараган видеолордон полиция митингчилерди четинен кармап, автоунааларына салып кетип жатканын көрүүгө болот. Тамак-аш сатуучу дүкөндө коопсуздук күчтөрү эки кишини катуу сабап койгону белгилүү болду.
15-ноябрда Беларустагы демонстрациялар башталгандан бери эң көп митингчи кармалды. «Весна» уюмунун маалыматы боюнча, 9-августтан бери кармалган демонстранттардын саны 25 миңден ашты. Алардын арасында кеминде 23 журналист бар экенин Беларустун Журналисттер ассоциациясы маалымдады.
Жекшемби күнү көчөгө чыккан демонстранттар 12-ноябрда коопсуздук күчтөрү сабап койгондон кийин ооруканада каза болгону кабарланган 31 жаштагы Роман Бондаренкону да эскеришти. Бул күнү баш калаа Минскиде Интернет үзгүлтүккө учурап, бир топ метро станциялары жабык турду. Демонстрациялар Гомел, Гродно сыяктуу шаарларда өткөнү, полиция бул аймактарда да митингчилерди кармаганы кабарланды.
Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозициянын башкы талапкери Светлана Тихановская да, бир катар Батыш өлкөлөрү да шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныган эмес. Андан бери өлкөдө Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой келет.
13-ноябрда Лукашенко бийликти өткөрүп бербей турганын дагы бир жолу кайталады.