Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

АКШнын эки штаты коронавируска каршы жаңы чараларды жарыялады


Мичигандын Детройт шаарындагы калкты тесттен өткөрүүчү жай. 28-апрель, 2020-жыл.
Мичигандын Детройт шаарындагы калкты тесттен өткөрүүчү жай. 28-апрель, 2020-жыл.

АКШнын Мичиган жана Вашингтон штаттары коронавирустун жайылышын басаңдатыш үчүн 15-ноябрда жаңы чараларды жарыялашты. Мичигандын Демократиялык партиядан чыккан губернатору Гретхен Уитмердин чечимине ылайык, штатта жогорку класстардын окуучулары жана коллеждердин студенттери окуу жайына барбай аралыктан окушат. Ошондой эле концерттик залдар, казинолор, кинотеатрлар сыяктуу бир катар коомдук жайлар жабылат. Эки үй-бүлөдөн ашык адамдардын бир жерге жыйналышына тыюу алынат. Мындай чектөө 18-ноябрдан тартып иштей баштайт.

Дагы бир демократ-губернатор Жей Инсли жетектеген Вашингтон штатында да ушуга окшош чектөөлөр киргизилди. Ага ылайык, штатта спорт залдары, кинотеатрлар, музейлер жабылат. Ресторандардын ачык асман алдындагы бөлүгү гана иштейт. Бир үйдө чогуу жашагандардын экинчи бир үй-бүлө менен жолугушуусуна тыюу салынат.

Эки штаттын бийлиги мындай чектөөлөрдү Кошмо Штаттарда коронавирус жугузуп алгандардын тастыкталган саны 11 миллиондон ашкан күнү кабыл алды. «Reuters» агенттиги билдиргендей, ноябрь айында АКШнын 40 штатында, анын ичинде Мичиган менен Вашингтондо да илдетке чалдыккандардын саны рекорддук чекти көрсөттү.

Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Кошмо Штаттарда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 246 миңден ашты.

Дүйнө жүзүндө 2019-жылдын декабрь айынан бери коронавирус жугузуп алганы ырасталган 54,5 миллиондой адамдын 1 миллион 317 миңден ашууну көз жумду.

XS
SM
MD
LG