Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

Пара үчүн кармалган эки прокурор Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылды


Аламүдүн райондук прокуратурасы. Сүрөт УКМКга таандык.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору Эдилбек Стакеев жана анын орун басары Башкы прокуратуранын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 16-ноябрда «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабалады.

Мекеме билдиргендей, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 13-ноябрындагы токтомуна ылайык, Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылып, алардын бөгөт чарасы катары келерки жылдын 13-январына чейин үй камагы тандалды.

Аламүдүн районунун прокурору жана анын орун басары дайыма пара алып жүргөнү аныкталып кармалганын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына отургузулганын бул мекеме 12-ноябрда кабарлаган.

УКМК Аламүдүн райондук прокуратурасындагы «системалуу коррупция» тууралуу маалымат келип түшкөнү, текшерүү учурунда мекеменин жетекчилиги карамагындагы тергөө башкармалыктары менен сүйлөшүп алып, кылмыш иши боюнча тигил же бул чечимди кабыл алыш үчүн акча талап кылып жүргөнү белгилүү болгонун билдирген.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул факт боюнча сотко чейинки териштирүүнү Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде жүргүзө баштаганы маалымдалган.

Кылмыш боюнча шектүү прокурорлор жана алардын жактоочулары УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Октябдагы бийлик алмашуудан кийин президенттин милдетин убактылуу аткарган Садыр Жапаров Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш өтө татаал болуп жатканын 29-октябрда өкмөттүн жыйынында айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG