Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:12

Садыр Жапаров ШКУнун алкагында коррупцияга каршы биргелешкен орган түзүүнү сунуш кылды


ШКУнун саммити. 10-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстан Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында жемкорлукка жана экономикалык кылмыштуулукка каршы биргелешкен орган түзүү зарыл деп эсептейт. Мындай сунушун 10-ноябрда ШКУнун саммитинде президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди:

«Уюшкан кылмыштуулук, коррупция жана экономикалык кылмыштар боюнча маселелердин актуалдуулугуна байланыштуу кыргыз тарап ШКУга кирген мамлекеттердин экономикалык кылмыштарга каршы органдарынын жетекчилеринин кеңешмеси түрүндөгү механизм түзүүнү сунуш кылат».

Коронавирус пандемиясына байланыштуу быйыл ШКУнун саммити видеоконференция форматында өтүп жатат. Жыйынды уюмда быйыл төрагалык кылуучу мамлекет – Орусиянын президенти Владимир Путин алып барууда.

Путин Жапаровдун сунушун колдоп, экономикалык кылмыштарга каршы биргелешип иштөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи:

«Интеграция шартында маалымат алмашуунун, акча которуунун заманбап ыкмалары, стартаптар көпчүлүк учурда коркунуч зонасында болот. Ошондуктан, бул багытта биргелешип иштөө өтө маанилүү».

Жапаров өкмөттүн 29-октябрдагы жыйынында коррупцияга каршы күрөшүү өтө татаал болуп жатканын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG