Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:33

Финпол: «Товардын акчасы» деген шылтоо менен Кыргызстандан 23 миллион доллар чыгарылып кеткен


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) өзгөчө чоң өлчөмдөгү акчаны адалдаштыруу фактысын териштире баштаганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур 16-ноябрда «Азаттык» радиосуна билдиргендей, товардын акчасы деген шылтоо менен Кыргызстандан чет өлкөлөргө 23 миллион доллардан ашуун каражатты (1,6 миллиард сом) мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топ аныкталды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы бул кылмыштуу топтун ишмердигинин натыйжасында мамлекеттик бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон көп өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды», - деди ал.

Финполдун маалыматына караганда, 12-ноябрда бул кылмышка шектүү катары бир адам кармалды. Ал 14-ноябрда Бишкектин №1 тергөө абагына отургузулду.

Тергөөчүлөр бул схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо ишин жүрүзүүдө.

Талдоочулар Кыргызстанда коррупциянын масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген чекке жеткенин айтып, буга жемкорлук үчүн кармалгандардын жазасы жеңилдетилген же алар акталган учурлар себеп экенин белгилеп келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG