Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-ноябрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 14:46

Минскиде пенсионерлер кайрадан жүрүшкө чыкты


Беларустун баш калаасы Минскиде көчөгө чыккан пенсионерлер. 16-ноябрь, 2020-жыл.

16-ноябрда Беларустун баш калаасы Минскиде миңден ашуун адам жүрүшкө чыгып, Александр Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылды. Песионерлер жана медицина кызматкерлери көпчүлүктү түзгөн демонстрациянын катышуучулары «Киши өлтүргүчтөр!», «Трибунал!» деп кыйкырып турушту.

Пенсионерлердин жетинчи ирет дүйшөмбү күнү өтүп жаткан акциясында эч ким кармалган жок. Жүрүш маалында шаардын борборундагы Эгемендик аянтын коопсуздук органдарынын кызматкерлери курчап турду. Айрым метро станциялары жабык болду.

Бир күн мурда Беларустун Минск баштаган бир катар шаарларында бийликке каршы ири акция өтүп, анда 1200дөн ашуун демонстрант кармалган. Жекшембиде жүрүшкө чыккандар 12-ноябрда коопсуздук күчтөрү сабап койгондон кийин ооруканада каза болгон 31 жаштагы Роман Бондаренкону эскеришкен.

Беларуста бийликке баш ийген Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозициянын башкы талапкери Светлана Тихановская да, бир катар Батыш өлкөлөрү да шайлоонун мындай жыйынтыгын тааныган эмес. Андан бери өлкөдө Лукашенконун бийликтен кетишин талап кылган акциялар токтобой келет. Лукашенко бийликти өткөрүп бербей турганын айтууда.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG