Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Эсеп палатасы: Ооруканалар дары-дармек ташуучу компанияларга 360 миллион сом карыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ооруканалардын дары-дармек ташуучу компанияларга карызы бүгүнкү күндө 360 миллион сомдон ашууда. Бул тууралуу 16-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Дары-дармек жана коргоочу костюмдар үчүн карыз боюнча маалымат 1-ноябрга карата экени айтылды.

Депутат Айнура Аскарова коронавирус пандемиясына байланыштуу дарыгерлерге төлөнүп берилүүчү кенемте маселесин көтөрдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлү коронавируска каршы күрөшкө 343 миллион доллар келгенин белгилеп, дарыгерлерге тийиштүү кенемте берилип жатканын билдирди.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул илдет дээрлик 67 миң адамга жукту. (RK)

XS
SM
MD
LG