Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Коронавирус: Бир күндө беш бейтап каза болду, 425 адам жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен беш киши каза болду. Көз жумган бейтаптар Бишкек шаарынын жана Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1212 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 425 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда (117) жана Бишкек шаарында (110).

Оору жуккандардын жалпы саны 67 894 кишиге жетти.

Бир күндө 531 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3136 адам жатат, дагы 3980 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3764 адамга жетти, алардын 3514ү айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 14 дарыгерден табылды.

Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)

XS
SM
MD
LG