Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:50

Өзбекстан Кыргызстанга инфекциялык оорукана курууга жардам берет


Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. 2020-жылдын 17-ноябры.

Өзбекстан Кыргызстанга азык-түлүк жардамын жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, коронавируска каршы күрөшкө жардам иретинде 3 000 тонна буудай темир жол мене жөнөтүлгөн. 17-ноябрда аны кыргыз тарап Ош шаарындагы станциядан тосуп алды.

Мындан тышкары, жакынкы арада Өзбекстан Бишкекте жана Баткендин Кадамжай районунда 400 орундук инфекциялык оорукана куруш үчүн модулдук курулуш конструкцияларын жөнөтөрүн билдирди.

Эки өлкө буга чейин да бири-бирине гуманитардык жардам көрсөтүп келген. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG