Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Өкмөттө кыш мезгилиндеги жол коопсуздугу талкууланды


Бишкек-Торугарт автожолу.
Бишкек-Торугарт автожолу.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыш мезгилинде аймактык жана эл аралык автожолдорду тейлөөгө тартылган кызматтарды 24 саат бою тынымсыз иштөөгө өткөрүү зарыл экенин билдирди.

Бул тууралуу ал 17-ноябрда өткөн өкмөттүн жыйынында сөз кылып: «Аба ырайы кескин начарлап кеткенин көрүп жатабыз. Бул өзгөчө кооптуу деп эсептелген жолдорго жана ашууларга таасирин тийгизет. Жолдордогу машинелердин тыгынынын алдын алыш үчүн биз бардык чараларды көрүшүбүз керек. Бул үчүн бардык кызматтар күчөтүлгөн режимде иштөөгө тийиш. Бардык аймактар, айрыкча эң кооптуу жерлер кар көчкүлөрүнөн өз убагында тазаланууга тийиш», - деди.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, инерттик материалдар менен күйүүчү жана майлоочу май жетиштүү болсо да каттамдарды тазалаш үчүн атайын техника жетишсиз. Аталган мекемелердин өкүлдөрү бул жыйында кыш мезгилине карата жолдордун даярдыгы 80% экенин маалымдашты.

Артем Новиков Транспорт жана жолдор министрлигине жеңил жана оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларына каттамдарда, айрыкча кооптуу тилкелерде коопсуздук чараларын сактоо, кышкы дөңгөлөктөрдү салуу жана чынжырчаларды алып жүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ички иштер министрлигине зарылдыкка жараша ашуулардагы жолдорду тосуу графигин камсыз кылуу тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жылынуучу түйүндөрүн, ошондой эле эл аралык маанидеги автоунаа жолдорунун кооптуу участокторунун жанында медициналык жардам көрсөтүү пункттарын уюштуруу милдети жүктөлдү.

Кыргызстанда кыш мезгилинде Ош-Бишкек автожолундагы ири ашууларда жана Бишкек-Торугат автожолунда автоунаа өтүүчү участокторго көчкү түшүп, жол тайгак болгондуктан, кооптуу учурлар болот.

2020-жылдын 10 айында жалпы жонунан 4899 жол кырсыгы катталып, андан 596 адам каза болуп, 7289 адам ар кандай жараат алды. (BCh)

XS
SM
MD
LG