Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Украинада COVID-19дан көз жумгандар 10 миң адамдан ашты


Украинанын «Прибой» санаторийиндеги коронавируска чалдыккандарды дарылаган медицина кызматкери. 29-октябрь, 2020-жыл.
Украинанын «Прибой» санаторийиндеги коронавируска чалдыккандарды дарылаган медицина кызматкери. 29-октябрь, 2020-жыл.

Украинада соңку бир сутка ичинде 256 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул эпидемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Украинанын саламаттык сактоо министри Максим Степанов шаршемби күнү билдиргендей, өлкөдө коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы саны 10 112 кишиге жетти.

«18-ноябрга карата Украинада 12 496 киши короанвирус жугузуп алганы ырасталды. Алардын 535и өспүрүмдөр, 529у медицина кызматкерлери», - деди Степанов.

Украинада соңку бир күн ичинде 1600дөн ашуун бейтап COVID-19дун белгилери менен ооруканага жаткырылды.

Пандемия башталгандан бери Украинада коронавируска чалдыкканы ырасталган адамдардын саны 570 миңден ашты. Жакында өлкө президенти Владимир Зеленский да бул илдетке чалдыгып, ооруканага түшкөн эле.

АКШдагы Жонс Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнөдө кеминде 55 миллион 672 миңдей киши коронавируска чалдыкканы ырасталды. Алардын 1 миллион 339 миңден көбү COVID-19дан көз жумду. Европанын бир катар өлкөлөрүндө коронавирус кайрадан күчөп, жаңы чектөөлөр киргизилип жатат.

XS
SM
MD
LG