Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Атамбаев: Өлкөнү жарга такагандар Садыр Жапаровду тегеректеп алышты


Алмазбек Атамбаев сот залында журналисттерге комментарий берип жаткан учуру. Сүрөт GOVORI.TV каналынын видеосунан алынды. 18-ноябрь, 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев сот залында журналисттерге комментарий берип жаткан учуру. Сүрөт GOVORI.TV каналынын видеосунан алынды. 18-ноябрь, 2020-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн соттук отурумдан кийин журналисттерге кыскача комментарий берип, өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу билдирүү жасады.

Өз сөзүндө ал экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчылык милдетин убактылуу токтотуп турган Садыр Жапаровдун байланышы жөнүндө да кеп козгоду:

«Өлкөнү жарга алып барып такап койгон адамдар, Сооронбайлар жана аны колдоп жүргөн кошоматчылар, чимкириктер, баары биригип Кыргызстанды мындан ары да жардан кулатканы турушат. Тилекке каршы, эл чоң үмүт кылып жаткан Садыр Жапаров да ушуларды уккандай таасир калып жатат. Негизи ушул абалга алып келген, уурулардын башкаруусун орноткон Сооронбай баш болуп олтура турган жер, ушул жер. Мен эмес, ошолор түрмөгө олтуруш керек. Биз эки жарым жылдан бери «ушундай болот, жаман болот» деп коңгуроо кагып жаттык. Менин кезимде жашынып жүргөн уурулар, коррупционерлер кычырап, 4-октябрда шайлоодон жеңип чыкпадыбы! Өздөрүн демократ көрсөткөндөр дагы эле ошентип, бүжүңдөп тегеректеп жүрүшөт».

Мамлекеттин мурдагы башчысы ошондой эле саламаттыгы да жайында эмес экенин айтып, абактагы шарты жакшы экенин, ошентсе да криминалдар андан дурус абалда отурушканын кошумчалады.

Бул күнү сотто Атамбаевге карата козголгон Кой-Таш айылындагы жер тилкесин сатып алуудагы коррупция маселесине байланыштуу иш каралды. Прокуратура бул иште мурдагы президент «Дастан» ишканасына таандык 2,7 гектар жерге ээ болууда жемкорлукка барганын маалымдаган.

Алмазбек Атамбаев мындан тышкары Кой-Ташта 2019-жылы бир офицер окко учкан окуя үчүн жана Бишкектин Жылуулук электр борборундагы коррупция тууралуу иш боюнча да айыпталууда. Ал эми кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча ал 11 жылга эркинен ажыратылган. Бул иштер өзүнчө каралып келет.

Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө камалган Садыр Жапаров быйыл 5-6-октябрдагы окуялардан кийин шашылыш акталып, бийлик башына келди. Атамбаев болсо мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда камалган. (ErN)

XS
SM
MD
LG