Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:37

УКМК: Социалдык фонддун төрагасы 48 саатка камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалганын кабарлады. Мекеме 19-ноябрда расмий маалымат таратып, «Соцфонддун кызмат адамдарынын тобу материалдык жана башка артыкчылыктарга мыйзамсыз ээ болуу максатында мекеменин аймактык бөлүмдөрүнүн башчыларынан системалуу түрдө мажбурлап акча чогултуп турушкан» деп билдирди.

Атайын кызмат сотко чейинки териштирүү жүргүзүп, Ирсалиевдин акча талап кылууга катышы тууралуу төгүндөлгүс маалыматы бар экенин жарыялады.

Чогулган материалдардын негизинде ал 18-ноябрда Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка отургузулганы, бөгөт чарасы 20-ноябрда аныкталары белгилүү болду.

Ирсалиевдин атынан же анын жактоочуларынан атайын кызматтын бул маалыматы тууралуу комментарий боло элек.

Социалдык фонд эмгек акынын негизинде пенсия чегерүү жана төлөп берүү, айлык акы же башка кирешеси барлардан камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу менен алектенет.

Кыргызстанда 600 миңден ашуун пенсионер бар, орточо пенсия 6 миң сомдун тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG