Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Галина Байтерек долбоор жазылган документтеги Зулпиевдин фамилиясы боюнча түшүндүрмө берди


Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек.
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Жогорку Кеңештин сайтындагы Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланган документте президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевдин фамилиясы эмнеге жазылып калганы боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Байтеректин айтымында, авторлор президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго Баш мыйзамдын долбоорун алып келишкен. Жапаров аны президенттин аппаратынын юридикалык бөлүмүнө жөнөткөн.

«Буга чейин авторлор Конституциянын долбоорун президенттин милдетин аткаруучуга алып келишкен. Президент ал долбоорду аппараттын юридикалык бөлүмүнө жөнөткөн. Юридикалык бөлүм болсо ал долбоорду мыйзам долбоору катары иреттеп, формага салып Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Зулпиевдин командасы болгону аны мыйзам долбоору катары иреттеген. Ошондуктан Зулпиев жазылып калган. Бүгүн же эртең мыйзам долбоорунун авторлору чогулуп, кеңешип өздөрү жөнүндө жарыялашат», - деди Галина Байтерек.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин сайтындагы Баш мыйзамдын жаңы долбоору жарыяланган документте президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиевдин фамилиясы жүргөнүн айтып чыккан.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев Баш мыйзамдын долбоору жашыруун иштелип чыкканы тууралуу дооматтарды четке кагып, төмөнкүлөрдү айткан:

«Демилге көтөрүп жаткан 80 депутат кол коюп, автор болуп чыгып жатат. Коомчулукта көп демилгечи топтор бар. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңештин аппаратына 40-50дөй долбоор киргизилген. Ошонун баарын карап чыксын деп эл талап кылып жатат. Жашыруун эмес. Депутаттар карап чыгып, акыркы вариантын даярдайт деп ойлойм».

Зулпиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда 2005-2009-жылдары президенттик аппараттын укуктук саясат бөлүмүн жетектеген. 2009-жылдан 2010-жылы апрелге чейин юридикалык кызматты башкарган. 6-октябрдагы окуялардан кийин бийлик алмашып, Бектур Зулпиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгону көрсөтүлгөн. Бирок анда ысымдары көрсөтүлгөн бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун демилгечиси жана автору эмес экенин айтып чыгышты.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Коомучулукта бул Баш мыйзамдын долбоору боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG