Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Министр Тилек Токтогазиев Конституцияны өзгөртүүгө шашпоого чакырды


Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Конституциянын жаңы редакциясына каршы экенин билдирип, аны абдан чийки деп баалады. «Фейсбуктагы» баракчасында жазган пикиринде ал долбоор коомду бөлүүгө жана бийлик бутактарынын балансын бузууга алып бара турганын белгиледи.

Өз позициясын министр «Азаттыкка» ырастап, мыйзамдын авторлорун коомчулук менен талкуулап, шашпай кабыл алууга чакырды.

«Конституция - бул оюнчук эмес. Аны эч ким менен талкуулабай, Жогорку Кеңеш аркылуу бат эле киргизип, кабыл алып салабыз деген туура эмес. Муну калың катмар эл, ар кандай эксперттик жана саясий күчтөр менен чогуу талкуулап, шашпай, ар бир пункт боюнча консенсуска келгенде гана жаңы Конституциянын редакциясын кабыл алса болот. Конституцияга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүнү туура көрөм. Маселен, азыркы учурда ишти премьер-министр аткарганы менен де-факто президент башкарып жатпайбы. Жаңы редакцияда президент көп ыйгарым укукту алып жатат, бирок ошол эле убакта премьер-министрдин кызматы да калып жатат. Менимче премьер-министр кызматын жоюп, жоопкерчиликти 100% президент алыш керек болчу. Мына ушундай өзгөртүүлөрдү киргизсе болот, бирок мунун баары диалог жана консенсус менен гана кабыл алынышы керек», - деди ал.

Ишкер, активист Тилек Токтогазиевдин министрлик кызматка талапкерлиги 21-октябрда парламентте жактырылып, 22-октябрда ошол учурдагы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен биротоло бекиген.

Токтогазиев 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен барган. Кийин анын жыйынтыгына байланыштуу 5-6-октябрдагы нааразылык акцияларына катышып, саясий билдирүүлөрдү жасап турган. 7-октябрь күнү анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп, ал өзүн альтернативалуу премьер-министр деп жарыялаган. Ошол күндөрү өкмөттүн имаратына кирип барып, кийин Садыр Жапаров кызматка легитимдүү бекигенден кийин чыгып кеткен.

Жогорку Кеңештин 80 депутатынын колу менен 17-ноябрда талкууга чыгарылган жаңы долбоорго ылайык, Кыргызстанда президенттин укуктары кеңейет, мамлекет башчы аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алат. Мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилет. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го чейин кыскартылат.

Бул долбоор жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды. Маселен, мурдагы премьер-министр, саясатчы Феликс Кулов Баш мыйзамдын долбоору бийликти узурпациялоого жол ачарын, мындай үлгүдөгү Конституция Түркмөнстанда бар экенин айтты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер Нияз да жаңы долбоор кабыл алынса, «президенттин диктатурасы орнойт» деп билдирди.

Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Бектур Зулпиев «Конституциянын жаңы долбоорунун авторлору – парламенттин 80 депутаты» деп айтты. Бирок демилгечилердин катарындагы бир нече эл өкүлү долбоорду жазууга катышпаганын билдирип жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG