Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

АКШ: Жоржияда добуштар кайра саналып бүттү


Жоржия - Дональд Трамптын шайлоо штабы добуштар кайра саналышын талап кылып жаткан штаттардын бири.
Жоржия - Дональд Трамптын шайлоо штабы добуштар кайра саналышын талап кылып жаткан штаттардын бири.

АКШнын Жоржия штатында президенттик шайлоодогу добуштардын баары кайра колго саналып бүттү жана расмий бийлик анын жыйынтыгын 19-ноябрда жарыялаганы жатат. Буга чейин президент Дональд Трамп добуштар кайра саналса Жо Байденди утуп чыгарын айтып жаткан. Бирок штаттын катчысы Брэд Раффенспергер добуштардын кайра саналышы шайлоонун жыйынтыгына олуттуу таасир этпей турганын айтты.

Анын алдында штаттагы добуш берүү системасынын менежери Габриэл Стерлинг добуштар кайра саналганда Трамптын олуттуу мыйзам бузуу тууралуу дооматы ырасталбаганын билдирген.

Жоржия - Трамптын шайлоо штабы добуштар кайра саналышын талап кылып жаткан штаттардын бири. Висконсин штатынын бийлиги 18-ноябрда Трамптын талабы менен добуштар кайра 20-ноябрдан тартып саналарын, бирок шайлоо жыйынтыгын өзгөртпөй турганын билдирди.

Бул штатта Байден 20 миңден ашык добуш алып, утуп чыккан.

АКШда бир катар таасирлүү жалпыга маалымдоо каражаттары президенттик шайлоодо Жо Байден утканын жазышкан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай жатат. Ал добуш берүүдө көз боёмочулук болгону тууралуу дооматтарды айтканы менен кандайдыр бир ынанымдуу далилдерди келтире элек. Трамптын юристтери шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко толгон-токой арыздарды жөнөтүшкөн, бир катар штаттарда арыздар четке кагылган.

XS
SM
MD
LG