Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:55

Майя Санду: Орус аскерлери Молдовадан чыгарылышы керек


Майя Санду.

Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду Приднестровья маселесин чечүүдө өлкө аймагынан орсиялык аскерлерди толугу менен чыгаруу жагы сөзсүз каралышы керектигин билдирди.

Ал украиналык "Европа чындыгы" басылмасына курган маегинде өлкөнүн буга чейинки президенти Игорь Додон сунуш кылган вариантты кабыл албай турганын, Молдованы федералдаштырууга каршы экенин билдирди.

Санду жаңжалды чечүү форматы табыларына, тынч жол менен чечилерине ишеним билдирип, анда орусиялык аскерлерди толук чыгаруу боюнча шарт болорун белгиледи.

Өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду өткөн жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы Игорь Додонду жеңип чыккан.

48 жаштагы Санду коррупцияга каршы аёосуз күрөшөрүн айтып, Европа Биримдиги менен тыгыз байланыш түзүүнү убада кылып келген.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган.

Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG