Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Орбан: Евробиримдиктин бюджети боюнча мунаса табылат


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа Биримдигинин бюджети боюнча туңгуюкка кептелген сүйлөшүүлөрдө мунаса табыла турганын билдирди. Ал 20-ноябрдагы коомдук радиого курган маегинде "Чечүүнүн ар кандай жолдору бар, бул саясий эркке байланышкан маселе" деп айтты.

Дүйшөмбүдө Еврошаркеттин узак мөөнөттөгү бюджетине жана коронавирустун кеспеттерин жоюуга 1,8 триллион евро каралган планга Венгрия менен Польша вето койгон. Орбан анда бул кадамга негизинен миграциялык саясаттагы пикир келишпестиктен улам барганын айткан.

Венгрия менен Польшада бийлик соттун көз карандысыздыгы, сөз эркиндиги жана мамлекеттик эмес уюмдарга карата саясаты боюнча сынга кабылып келет жана мындан улам Евробиримдиктин миллиарддаган евро каражатынан куру калышы мүмкүн.

Европа комиссиясы буга чейин миграциялык реформа боюнча жаңы долбоор жарыялаган. Документ Италия жана Грекия өңдүү мигранттарды көп кабыл алган өлкөлөрдүн түйшүгүн жеңилдетүүгө багытталган. Шаркеттеги башка мамлекеттерге баш калка издеп келген качкындарды, мигранттарды жайгаштырууну сунуштаган жана ал үчүн Брюссель каражат бөлүп берүүнү убада кылган. Өтө кыйчалыш кырдаалда Еврокомиссия мигранттарды бөлүштүрүү боюнча квота киргизүү укугун алган.

Борбордук Европадагы бир катар өлкөлөр, анын ичинде Польша, Венгрия жана Чехия милдеттүү түрдө квота киргизилишине каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG