Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Армян экс-президенти Саркисяндын аялы коронавирустан каза болду


Серж Саркисян менен анын жубайы Тоолуу Карабакта туулуп чоңойгон.
Серж Саркисян менен анын жубайы Тоолуу Карабакта туулуп чоңойгон.

Армениянын мурдагы президенти Серж Саркисяндын аялы Рита Саркисян 20-ноябрда коронавирустан каза болду. Ал 1962-жылы Тоолуу-Карабакта төрөлгөн. Рита Саркисян 16-ноябрда оор абалда ооруканага жеткирилген.

Серж Саркисян дагы Тоолуу Карабактан болот. Ал 2008-2018-жылдары Армениянын эки жолку премьер-министри жана өлкөнүн үчүнчү президенти болгон.

Былтыр жыл аягында өлкөнүн Атайын тергөө кызматы Серж Саркисянга коррупция боюнча айып таккан. Анда 2013-жылы уурдалган акча фермерлерге күйүүчү май алууга жумшала турганы айтылган. Саркисян күнөөсүн мойнуна алган эмес жана саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Саркисян 2018-жылы «баркыт ыңкылабынан» улам бийликтен кеткен жана анда бийликке Никол Пашинян келген.

XS
SM
MD
LG