Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Конституциялык кеңешме үч топко бөлүнүп иш алып барууда


Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери cекциясындагы талкуу. 21-ноябрь, 2020-жыл.
Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери cекциясындагы талкуу. 21-ноябрь, 2020-жыл.

Конституциялык кеңешме 21-ноябрда Бишкекте Улуттук илимдер академиясында кезектеги жыйынга чогулду. Кеңешме мүчөлөрү үч топко бөлүнүп, үч багытты талкуулоодо:

1-секция: Мамлекеттик Конституциялык түзүлүштүн негиздери;

2-Секция: Адам укуктары, эркиндиги жана милдеттери;

3-Секция: Мамлекеттик бийликтин органдары.

19-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Конституциялык кеңешменин курамына коомдук-саясий, илимий чөйрөнүн 80ден ашуун өкүлү кирди. Анын төрагалыгына Кыргыз-Орус (Славян) университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору, «Эл бийлиги» саясий партиясынын негиздөөчүсү Бекбосун Бөрүбашев бекитилди.

Бөрүбашев кеңешменин иши 15-20 күндө жыйынтыкталып каларын билдирген.

Баш мыйзамдын жаңы сунушталган долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Жаңы долбоор кыргыз коомчулугунда ага каршы чыккандардын жана аны жактагандардын тобун пайда кылды. (SE\BTo)

XS
SM
MD
LG